
2026-жылы 6-июлда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырып жатышат. Токтогул шаарында жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тест тапшырууда.
Бүгүн, 2026-жылдын 6-июлунда «Кыргызтест» мекемесинин 2-көчмө тобу Бишкектеги Эл аралык жогорку медициналык мектебинде тест жүргүзүүнү баштады. Тест жүргүзүү иштери бул окуу жайда 9-июлга чейин уланмакчы. 6-июлда КР ИИМ Республикалык окуу борборунун талапкерлери тест тапшырышууда.



