ЖАҢЫЛЫКТАР

iTEP системасы боюнча тест жүргүзүү башталды

iTEP системасы боюнча тест жүргүзүү башталды

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси менен С. Тентишев атындагы Азия Эл аралык университети ортосунда түзүлгөн кызматташтык боюнча расмий келишимдин негизинде эл аралык деңгээлде таанылган iTEP системасы боюнча машыгуу тести өткөрүлүп, эл аралык деңгээлдеги тесттерди жүргүзүү багытындагы иштер башталды.

Аталган машыгуу тестине университеттин окутуучулук-профессордук курамынан 28 адам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тест тапшыруу тартиби, системанын өзгөчөлүктөрү жана тил деңгээлин баалоонун эл аралык стандарттары менен таанышышты.

Бул багыттагы иштер эл аралык талаптарга жооп берген тест системаларын киргизүүгө, чет тилдерди баалоо сапатын жогорулатууга жана билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.