
2025-жылы 18-19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий кайрылуусу менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси жеринде депутаттар жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. Тестке жалпысынан 36 адам катышты.
Сентябрь айынын акыркы эки жумасынын аралыгында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде тест тапшырган депутаттардын саны арбыды. Тест ташыруучулар демейдегидей эле 5 субтестти аткарып, жыйынтыктары боюнча деңгээлдик сертификаттарга ээ болушту.
















