
2026-жылдын 27-29-июлунда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде жана Манас шаарында тест жүргүзүү иштери улантылды. Бишкекте тестке Онкология жана гематология улуттук борборунун жамааты жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катышышты. Манас шаарында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ала-Бука жана Ноокен райондук бөлүмдөрүнүн, Сузак районунун Садырбаев айыл өкмөтүнүн, Көк-Жаңгак шаардык бала бакчасынын жана Манас шаардык мэриясына караштуу муниципалдык ишканалардын кызматкерлери тест тапшырышты.




