
2026-жылы 16-28-февралда Бишкек жана Манас шаарларында мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, КР жарандыгына талапкерлер жана жалпы каалоочулар үчүн тест жүргүзүү иши улантылды. Тестке Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Улуттук статистика комитетинин, “Учкун” ААКтын, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун, КР ӨКМдин, Манас шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жана Манас шаардык Салык кызматынын кызматкерлери катышышты.

