
2026-жылы 21-24-апрелде «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
Ушул күндөрү Ош шаарында дагы тест жүргүзүү улантылды. 21-24-апрелде Ош шаарында тестке Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын, КР Социалдык фонддун Ош шаардык, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондук башкармалыктарынын кызматкерлери катышышты.
2026-жылы 21-апрелинен тартып «Кыргызтесттин» экинчи көчмө тобу Токмок шаарында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү баштады. 21-24-апрелде тестке Токмок шаарынын мэриясынын, «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасынын, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.



