ЖАҢЫЛЫКТАР

Баткендеги иш-чаралар улантылууда

Баткендеги иш-чаралар улантылууда

      Бүгүн, 2025-жылдын 5-сентябрында, Баткен райондук администрация тарабынан уюштурулган иш-чара алгач Баткен райондук администрациясынын жыйындар залында өттү. Аталган иш-чарага Баткен шаарынын жана райондорунун мектептеринде эмгектенген кыргыз тилчи мугалимдер катышты. Иш-чараны Акбарали уулу Мансур алып барды.

      Ал эми, саат 11:00дө Баткен облусунун райондорунан келген мектеп мугалимдеринин жана саат 14:00дө Баткен шаарынын мектептеринен  келген мугалимдердин арасында уюштурулган иш-чара В.И. Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залында улантылды. Иш-чараны Баткен Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук жетекчиси М.А. Макамбаев алып барды. Андан кийин саат 15:30дө БатМУнун “Баткен Ыйман” мектеп-комплексинин мугалимдерине “Кыргыз тилин Санариптик окутуу” платформасынын таанытымы өттү.

       Жалпысынан эле кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү мугалимдердин ролу, тилди үйрөтүүдөгү заманбап ыкмалар боюнча талкуу жүрүп, 2025-жылы колдонууга берилген “Кыргыз тилин Санариптик окутуу” платформасы менен иштөөнүн практикалык жолдору көрсөтүлдү. Жыйынга катышкан мугалимдер жеке уюлдук телефондору аркылуу электрондук платформага катталып, бул платформаны сабактарда кеңири колдонуу үчүн алгач өздөрү машыгышты. Иштин жүрүшүндө бул санариптик платформанын эффективдүү курал экендигин айтышып, ыраазычылык билдиришти.