ЖАҢЫЛЫКТАР

АЖЫ БАШЧЫЛЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

АЖЫ БАШЧЫЛЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

Бүгүн, 2025-жылдын 2-ноябрында, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (муфтияттын) расмий кайрылуу катынын негизинде ажылык сапарга баруучулардын арасында ажы башчыларын тандап алуунун 1-турунун алкагында тест жүргүзүлдү.

Бул тесттин негизги максаты – ажылык сапарды уюштурууда жоопкерчиликти мойнуна ала турган, жогорку моралдык сапаттарга, диний билимге жана жетекчилик жөндөмгө ээ талапкерлерди аныктоо болуп саналат. Ажы башчы болуп тандалган адам сапардагы жамаатты туура жетектей билиши, катышуучуларга үлгү болуп, тартипти сактоо менен бирге, диний каада-салттарды туура аткарууга көмөк көрсөтүшү абзел.

Мына ушуларды эске алуу менен тестке мамлекеттик түзүлүш жана диний багыттагы суроолор киргизилди.

Жалпысынан 371 талапкер тестке катышты. Тесттин жыйынтыгы дароо чыгарылды.