
2026-жылдын 28-майынан баштап «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси республиканын аймактарында тест жүргүзүүнү улантат.
«Кыргызтест» Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тест жүргүзүү үчүн туруктуу орун-жай бөлүп берүү өтүнүчү менен расмий кат жолдогон (№ 04-01-9/171, 26.03.2026ж.). Бирок, тилекке каршы, бир дагы облустан жыйынтыктуу жооп алынган жок. Учурда «Кыргызтест» Талас шаарында Талас агрардык-экономикалык колледжинен, Балыкчы шаарында Манас атындагы №10 орто мектептен берилип жаткан орун-жайда тест жүргүзүүнү улантат.
Даректери: Талас шаары, Талас агрардык-экономикалык колледжинин жыйындар залы, Ч.Айтматов көчөсү 303.
Балыкчы шаары, Манас атындагы №10 орто мектеп, жыйындар залы, Соң-Көл көчөсү, 29.

