
2026-жылдын 22-25-июлунда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде жана Манас шаарында тест жүргүзүү иштери улантылды. Бишкекте тестке КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик ишканасынын, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармылагынын, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын, КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматкерлери, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары катышышты.
Манас шаарында КР Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын, Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тест тапшырышты.
