ЖАҢЫЛЫКТАР

2026-жылдын август айындагы тесттер

2026-жылдын август айындагы тесттер

2026-жылдын август айында «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде жана Манас шаарында тест жүргүзүү иштери улантылды. Тестке КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын №226 аскер бөлүгүнүн, КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Кайтаруу жана конвой департаментинин, КР Финансы министрлигинин кызматкерлери, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары катышышты.